04.12.24

Түркиянын экспорттук товарлар көргөзмөсү шаршемби күнү Ашхабаддагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын Экспо борборунда ачылды. Бул окуяга байланыштуу, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

Президент: “Түркиянын экспорттук товарлар көргөзмөсүнүн Түркмөнстанда өткөрүлүшү жакшы салтка айланды, анткени Түркия биздин өлкөнүн ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Көргөзмө учурунда Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген ондогон компаниялар өнөр жай, айыл чарба жана суу чарбасы, курулуш, кызмат көрсөтүү тармактарындагы жетишкендиктерин жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшөт. Биздин мекенибизде ишке ашырылып жаткан кеңири реформаларга кызыгып, натыйжалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка умтулган жаңы компаниялардын да катышып жатканы кубанычтуу”, – деп белгилеп өттү. Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары шаршемби күнү билдиришти.

Көргөзмөдө, Түркиянын 70 ашык компаниялары жана ассоциациялары ар түрдүү тармактардагы продукциялары менен кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштады. Иш-чара түрк товарларын, Түркмөнстандын базарында алдыга жылдырууга жана эки өлкөнүн ишкерлик байланыштарын бекемдөөгө багытталган.

Көргөзмөнүн алкагында, “Түркия-Түркмөнстан” бизнес кеңешинин жыйыны да өткөрүлдү. Бул иш-чара, Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңеши (DEİK) менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын биргелешкен уюштуруусу аркылуу ишке ашууда.

https://business.com.tm/ru/multimedia/12773/turkiyes-export-goods-exhibition-opens-in-ashgabat