06.12.24
Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов 5-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Тараптар Түркмөнстандан Өзбекстанга жаратылыш газын жеткирүү көлөмүн көбөйтүү жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу “Түркмөнстан: Алтын доор” маалымат агенттиги билдирди.
Гурбангулы Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев жакын арада ишке ашырыла турган биргелешкен газ долбоорлорунун келечегине кеңири көңүл бурушту. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты суу чарба тармагында кеңейтүү маселелери да талкууланды.
Андан сырткары, достук мамиледеги өлкөнүн лидери маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана мурда жетишилген келишимдердин аткарылышы боюнча маселелерди карап чыгышты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, Гурбангулы Бердымухамедов менен Шавкат Мирзиёев эки өлкө ортосундагы салттуу боордоштук мамилелер өз ара пайдалуу стратегиялык кызматташтыктын рухунда мындан ары да чыңдала берерине ишенимдерин билдиришти.