16.12.24
Түркия ноябрь айында, Кыргызстанга $88,4 млн сомдук товарларды экспорттогон. Бул тууралуу, Түркиянын Экспортчулар кеңешинин (TİM) маалыматтарында айтылат.
Бул көрсөткүч ноябрь айындагы эки тараптуу сооданын акыркы 11 жыл ичиндеги эң жогорку деңгээли болуп саналат.
2024-жылдын ноябрь айында, Түркиянын Кыргызстанга экспорту 2023-жылдын ноябрына салыштырмалуу болжол менен 6,63% пайызга өскөн. Анда экспорттун көлөмү $82,9 миллион долларды түзгөн.
2022-жылдын ноябрында, Түркиядан импорттолгон товарлар $78,7 миллион доллар, 2021-жылы $61,7 миллион долларды түзгөн.
2024-жылдагы өсүш төмөнкү тармактардын эсебинен камсыз болду:
- зер буюмдары ($37,9 млн),
- даяр кийим жана текстиль ($8,5 млн),
- химиялык өнүмдөр ($8,1 млн),
- автоөнөр жай ($7,2 млн),
- электротехника жана электроника ($5,3 млн).
Жалпы экспорттун басымдуу бөлүгүн Стамбул шаарынын үлүшүнө туура келет $65,8 миллион доллар. Андан кийин Бурса $5,9 миллион доллар, Анкара жана Газиантеп ар бири $3,3 миллион доллар, ошондой эле Измир $2,1 миллион доллар.
Зергерчилик сектору эң чоң өсүштү көрсөттү. Өткөн жылга салыштырмалуу бул тармактагы экспорт $33,1 миллион долларга көбөйдү. Мындай рекорд эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштардын чыңдалышынын аркасында мүмкүн болду.
https://www.tazabek.kg/news:2206654?from=tazabek&place=mainlast