26.12.24

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында “Кытай – Казакстан – Түркмөнстан – Иран” (ККТИ) маршруту боюнча жүк ташуулардын көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Казакстандын транспорт-логистикалык “KTZ Express” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

2024-жылдын 19–20-декабрында Пекинде “Кытай – Казакстан – Түркмөнстан – Иран”  (ККТИ) багытынын өнүгүшүнө арналган эксперттик жыйын болуп өттү. Иш-чарада жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы чыгарылып, транспорттук коридордун мындан аркы өнүгүү пландары талкууланды.

Жыйындын катышуучулары, өнүгүүнүн негизги аспектилери болгон, жүктөрдү жеткирүү ылдамдыгын жогорулатуу, бажы процедураларын оптималдаштыруу жана логистикалык процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн заманбап санариптик технологияларды киргизүүнү талкуулашты.

“Кытай – Казакстан – Түркмөнстан – Иран” (ККТИ) маршруту эл аралык сооданын стратегиялык коридорлорунун бири катары өз позициясын бекемдөөнү улантууда. Бул багыттын деңиз жолдоруна салыштырмалуу жеткирүү убактысын кыскартуу, ишенимдүү инфраструктурасы жана Азия менен Жакынкы Чыгыш рынокторуна түз чыгуусуна чоң артыкчылык берет.

Эскерте кетсек, “Кытай – Казакстан – Түркмөнстан – Иран” (ККТИ)  маршруту, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүн Жакынкы Чыгыштын рыноктору менен байланыштырган эл аралык транспорттук коридор болуп эсептелет.

https://business.com.tm/ru/post/12879/freight-along-chinakazakhstanturkmenistaniran-route-rises-31-percent