25.01.25
Каспий деңизинин боюндагы “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту “Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Азербайжан–Европа Биримдиги” транспорттук коридорунун бир бөлүгү болуп эсептелет жана ал азыр толук кандуу иштеп жатат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Министрлер Кабинети алдында иш алып барган, Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул транспорттук коридор, Кыргызстандан Түркмөнстанга, анын ичинде “Түркмөнбашы” портуна жүктөрдү жеткирүүгө жана андан ары Каспий деңизи аркылуу “Алят” портуна (Азербайжан) жүктөрдү ташууга, андан соң Европага же Россиянын Астрахань шаарына жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргызстандык жүк ташуучулар бул маршруту, Европага жүктөрдү жеткирүүдө активдүү колдонуп жатканын, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди. Маршрут Кыргызстандан Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу өтүп, андан ары Азербайжанга деңиз аркылуу жетип, Европага уланат.
Бишкектен “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портуна чейинки аралык болжол менен 2,500 чакырымды түзөт. Базаралиев бул коридор соода жана байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп, айрыкча “Түндүк–Түштүк” транспорттук коридорун ишке киргизүү пландарынын алкагында маанилүү экенин кошумчалады.
Бул маршрут ошондой эле Азия менен Европаны байланыштырган ири транспорттук коридордун “Азия-Тынч океан региону–Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Азербайжан–Грузия–Түркия–Европа” негизги бөлүгү болуп саналат.
Каспий деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан, “Түркмөнбашы” порту жүктөрдүн ар түрдүү түрлөрүн эл аралык деңгээлде ташууга арналган. Бул порт, Борбордук Азияны Европа менен деңиз, автожол жана темир жол маршруттары аркылуу байланыштырган “Деңиз дарбазасы” болуп эсептелет жана бул аймактагы эң ири транзиттик түйүндөрдүн бири болуп саналат.