05.02.25
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын вице-премьер-министри Нокергулы Атагулыев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылга карата соода-экономикалык кызматташуунун жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушуунун негизги темасы эки тараптуу бизнес диалогду активдештирүү болду. Тактап айтканда, элчи өкмөттөр аралык “Кыргыз-Түркмөн” комиссиясынын алтынчы отурумунун чечимдерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, “Кыргыз-Түркмөн” өнүктүрүү фондун түзүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Азизбек Мадмаров ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары (СӨП) ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын апрель айында, Түркмөнстанга бизнес-тур уюштурууну пландап жатканын айтып, иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.
Өз кезегинде, Нокергулы Атагулыев Түркмөнстандын өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин ырастап, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, ал кыргызстандык ишкерлерди Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун 17 жылдыгына арналган көргөзмөгө, ошондой эле 2025-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин өтө турган “Түркмөнстандын келечегине инвестиция” эл аралык форумуна катышууга чакырды.