04.02.25

Түркмөнстан жана Казакстан  ортолорунда ташылган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу алдын ала маалымат алмашуу боюнча техникалык шарттарга кол коюшту. Документ 2025-жылдын 1-февралында бекитилди. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Шарттар 2021-жылдын 25-октябрында, Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Казакстандын Каржы министрлигинин ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында иштелип чыккан. Документке ылайык, өткөрүлүп берилүүчү маалыматтардын курамы, аларды эки өлкөнүн бажы органдарынын ортосунда алмашуунун тартиби, форматтары, ыкмалары жана эрежелери аныкталган.

Долбоор эки этап менен ишке ашат. Биринчи этапта экспорттук декларацияларды, экинчи этапта транзиттик декларацияларды алмаштыруу системасын сыноону ишке киргизүү пландаштырылууда.

Жүк тууралуу алдын ала маалымат менен камсыз кылуу жана маалымат алмашууну автоматташтыруу бажы процедураларын тездетип, Түркмөнстан менен Казакстандын ортосундагы товарлардын өтүүсүн жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматы бажы тутумунун ишин жөнгө салат, эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана контрабандага каршы күрөшөт. 1991-жылдын 4-ноябрында негизделген кызмат бажы мыйзамдарын модернизациялоо, инфраструктураны жаңылоо жана электрондук бажылык жол-жоболоштурууну өнүктүрүү менен алектенет. Анын түзүмүндө борбордук аппарат, окуу борбору, 6 аймактык бөлүм жана 51 бажы посту бар.

https://business.com.tm/ru/post/13055/turkmenistan-and-kazakhstan-simplify-information-exchange-on-goods-and-transport