08.03.25

Түркмөнстан Европанын өлкөлөрүнө жаратылыш газын экспорттоого даяр экенин мурдагы президент жана Халк Маслахатынын (Элдик кеңештин) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов “Euronews” телеканалына берген маегинде билдирди. Маектин стенограммасын мамлекеттик “Алтын доор” маалымат агенттиги жарыялады.

Бердымухамедов Европанын энергетикалык рыногун дүйнөдөгү эң ири рыноктордун бири деп атап, Ашхабад менен Европанын кызматташуусу эки тарап үчүн тең пайдалуу болорун белгилеп келип: “Түркмөнстан жаратылыш газын жеткирүү боюнча европалык өнөктөштөр менен тыгыз иштөөгө даяр. Бул багытта ишке ашырыла турган жолдордун бири  Транскаспий маршруту”, – деп белгилеп өттү. Ал Ашхабад менен Брюсселде парламенттер аралык жолугушуулар үзгүлтүксүз өтүп турарын кошумчалады. Элдик кеңештин төрагасы ошондой эле “Түркмөнстан – Европа Биримдиги” диалогунун алкагында адам укуктары боюнча кызматташууну кеңейтүү ниети бар экенин билдирди.

2024-жылдын март айында, Бердымухамедов Ашхабад Түркияга жана Европага газ жеткирүүнү пландап жатканын айткан. Анын айтымында, көгүлтүр от эки жол аркылуу жеткирилиши мүмкүн.  Каспий деңизи жана Азербайжан аркылуу же Ирандын газ кууру инфраструктурасы аркылуу, эгерде Тегеран менен тиешелүү келишим түзүлсө. Саясатчы белгилегендей, Түркмөнстандын Галкыныш кенинде 27 трлн куб метр газдын запасы бар.

https://centralasia.media/news:2241172?from=portal&place=last