13.03.25

Түркмөнстанда транспорт, транзит жана логистика маселелери боюнча Түркмөнстан-Кыргызстан биргелешкен комиссиясын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу жума күнү өткөн Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында, Министрлер кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев билдирди.

Вице-премьердин айтымында, бул демилге эл аралык транспорттук жана транзиттик коридорлорду бир катар багыттар боюнча өнүктүрүүнү көздөйт. Мамметхан  Чакыев мамлекет башчысына тиешелүү сунуштарды берип, Кыргыз Республикасы менен логистикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов бул тармакта Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп,  комиссиянын курамы боюнча сунушту жактырды. Мамлекет башчысы бул багытта  тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөттүн жыйынында ошондой эле бир катар мамлекеттик башка маселелери каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

https://business.com.tm/ru/post/13246/turkmenistan-and-kyrgyzstan-to-establish-joint-commission-on-transportation-issues