01.03.25

Түркмөн элинин улуттук лидери, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маектин жүрүшүндө эки мамлекеттин мамилелеринин өнүгүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу жекшемби күнү Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлашты.

Сүйлөшүү учурунда, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан, Түркмөнстандын туруктуу бейтараптуулугу боюнча резолюциянын кабыл алынышынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын эл аралык тынчтыкты жана кызматташтыкты чыңдоодогу ролуна токтолду.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын эл аралык демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Түркия делегациясынын “Тынчтык жана ишеним жылы: балдар үчүн эл аралык ишмердүүлүктү өнүктүрүү” аттуу эл аралык конференцияга катышуусун жогору баалады. Бул иш-чара анын ысымындагы кайрымдуулук фондунун төрт жылдыгына арналган.

Тараптар Түркмөнстан-Түркия мамилелеринин өнүгүү динамикасын талкуулап, саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын бекемделгенин белгилешти. Өзгөчө көңүл илим, билим, маданият, искусство жана спорт тармагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулуп, эки боордош элдин жакындашуусуна көмөк көрсөтөрү баса белгиленди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө берилгендигин ырастап, эки элге тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашты.

https://business.com.tm/ru/post/13324/gurbanguly-berdimuhamedov-and-recep-tayyip-erdo%C4%9Fan-discuss-turkmenturkish-relations