18.04.25

Туризм апталыгынын алкагында Ашхабадда Түркиянын сүрөт көргөзмөсү ачылды жана туризм тармагы таанытылды.

Бул салтанатка, Түркмөнстандын Маданият министринин орун басары Нурсахет Ширимов катышты. Ашхабаддагы Түркиянын элчиси Ахмет Демироктун тарабынан уюштурулган Туризм апталыгынын иш-чарасына, Түркмөнстанда иш алып барган көптөгөн чет элдик өлкөлөрдүн элчилери, “Түрк аба жолдору” компаниясынын Түркмөнстандагы өкүлү, Түркмөнстандагы эл аралык уюмдардын жана саякат агенттиктеринин жетекчилери жана медиа өкүлдөрү катышты.

Элчи Ахмед Демирок Түркия дүйнөдө эң көп зыярат кылынган өлкөлөрдүн бири экенин, акыркы мезгилде түркмөн элинин Түркияга болгон кызыгуусу өскөнүн белгиледи. Ошондой эле ал Түркиянын туризм секторундагы ийгиликтери тууралуу кеңири маалымат берип өттү.

Түркия 2024-жылы 62,3 миллион туристти кабыл алып, 61,1 миллиард доллар туризмден киреше тапкан. 2025-жылы бул жаатта жаңы рекорддор күтүлүүдө. 2025-жылы 65 миллион турист келери жана туризмден түшкөн киреше 64 миллиард доллар болот деп божомолдонууда.

Элчи Ахмед Демирок туризм секторунда өз ара аба каттамдарынын чоң мааниге ээ экенин айтып, “Түрк аба жолдору” компаниясы 2025-жылдын 1-апрелинен тарта, Ашхабадга болгон каттамдарын жума сайын он бирден он төрткө чейин көбөйткөнүн, ал эми 10-июндан тарта он жетиге чейин жетерин билдирди. Учурда “Түркмөнстан аба жолдору” компаниясы Ашхабад менен Стамбулдун ортосунда жума сайын 10 каттам жүргүзүп жатат.

Түркиянын туризм мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу максатында ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатканын айткан элчи Ахмед Демирок, 2024-жылы Түркмөнстандан 7 журналист жана 9 саякат агенттигинин өкүлү Түркиядагы туристтик жайларды зыярат кылганын кошумчалады. Ал эми 2025-жылдын май айында дагы 11 журналист жана 11 саякат агенттигинин өкүлү, жалпысынан 22 киши Түркиянын Трабзон жана Ризе аймактарына барышы пландалууда.

Түркмөнстанды өкүл катары салтанатка катышкан, Түркмөнстандын Маданият министринин орун басары Нурсахет Ширимов, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы маданий жана туризм жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.

https://business.com.tm/ru/multimedia/13435/ashgabat-hosts-reception-marking-turkiyes-tourism-week