22.04.25

Түркмөнстандын Халк маслахатынын (парламент) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий эмес жолугушуу өткөрүшүп, алдыдагы жылдарда товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул тууралуу шейшемби күнү, Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча пикир алмашып, өзгөчө газ тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Мындан тышкары, Казакстандын Түркмөнстандагы ири мунай жана газ “Галкыныш” кенин иштетүү долбооруна катышуусу тууралуу өзгөчө талкуу болду.

Жолугушуу учурунда  “Тургунди – Герат – Кандагар – Спин-Булдак” темир жол долбоору дагы  талкууланды.

Бул долбоордун транспорттук маршруттарды диверсификациялоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө маанилүү кадам болоору белгиленди. Транзиттик өнүгүү үчүн маанилүү фактор катары “Казакстан – Түркмөнстан – Иран” темир жол магистралын жана “Түркмөнбашы – Гарабогаз – Казакстан” чек арасы автожолун куруу белгиленди.

Ошондой эле Гурбангулы Бердымухамедов жана Касым-Жомарт Токаев билим берүү жана санариптештирүү тармактарында кызматташуунун келечегин дагы талкуулашты.

https://business.com.tm/post/13455/turkmenistan-kazakhstan-aim-to-boost-trade-turnover-to-1-billion