02.05.25
Бишкек шаарында өткөн транспорт, транзит жана логистика маселелери боюнча, “Түркмөнстан-Кыргызстан” биргелешкен комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Көрүшмөнүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды тастыктаган протоколго кол коюшту.
Приоритеттүү багыттардын катарына транзиттик жүктөрдү ташууну өнүктүрүү, мультимодалдуу маршруттарды кеңейтүү, автомобиль, темир жол жана суу транспорту тармагындагы кызматташтыктар кирет. Ошондой эле “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу жана тарифтик саясат боюнча ыкмаларды макулдашуу да бул багыттардын ичинде экенин Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн транспорттук кызматташтыгын өнүктүрүү 23-апрелде Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон иш сапарынан кийин жаңы дем менен уланды. Ал сапар учурунда, “Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан” маршруту аркылуу Борбордук Азия–Жакынкы Чыгыш багытындагы натыйжалуу транспорт-транзит коридорун түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленген. Маалыматка ылайык, комиссиянын кийинки жыйыны 2026-жылы Түркмөнстанда өтөт.