05.06.2025

Ашхабад шаарында 2025-жылдын 5-июнь күнү Түркмөнстан жана Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин деңгээлинде эки тараптуу саясий консультациялар болуп өттү.

Көрүшмөгө Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы, ал эми Түркия делегациясын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Борбордук Азия жана Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) иштери боюнча, Башкы башкармалыгынын башчысы Тоган Орал катышты. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлде жана динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Тараптар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар жана тышкы саясий ведомстволор арасындагы консультациялар эки тараптуу алакаларды илгерилетүүдөгү маанилүү фактор болуп эсептелерин белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, саясий-дипломатиялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар маселелер каралып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана келишимдик-укуктук базаны чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө басым жасалды.

Дипломаттар экономикалык кызматташууну кеңейтүү келечегин да талкуулашты. Бул багытта “Түркмөнстан-Түркия” өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясы менен “Түркмөнстан-Түркия”   ишкерлер кеңешинин ролу өзгөчө белгиленди. Соода, энергетика, курулуш, өнөр жай кооперациясы жана транспорт тармактарындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, тараптар илим, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо жана маданий диалог багыттарында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

https://turkmenportal.com/blog/91778/turkmenistan-i-turciya-proveli-politicheskie-konsultacii-po-ukrepleniyu-dvustoronnego-sotrudnichestva