16.06.25
Түркмөнстандын туристтик агенттиктеринин өкүлдөрү Түркияга болгон сапарынын алкагында, өлкөнүн туристтик борбору катары белгилүү болгон Анталия шаарына барышты. Бул тууралуу Түркиянын Түркмөнстандагы элчилиги билдирди.
Сапар Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги жана “Turkish Airlines” авиакомпаниясы менен биргеликте уюштурулган. Иш-чарага Түркмөнстандын 10 туристтик агенттигинин өкүлдөрү катышты.
“Деңиз, кум жана күн” деген ураандын алдында өткөрүлгөн программада катышуучулар туристтик тармактын алдыңкы мекемелеринин катарына кирген жана жогорку стандарттарга жооп берген сегиз мейманкана менен таанышышты.
Сапардын жүрүшүндө, түркмөн туристтик агенттиктеринин өкүлдөрү Анталиянын улуттук ашканасы, туристтик жайлары, жаратылышы, тарыхый жана маданий мурастары менен таанышты.
Мындан тышкары, Түркиянын туристтик тармагынын өкүлдөрү менен бизнес жолугушуулар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө түркмөн адистери өлкөнүн туристтик сектору тууралуу кеңири маалымат алышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.