04.07.25
Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов 2025-жылдын 3-июль күнү жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана дипломатиялык алакалардын жогорку деңгээлине канааттануусун билдиришип, өз ара кызыкчылыктарга ээ болгон тармактарда байланыштарды мындан ары дагы чыңдоого даяр экендиктерин белгилешти.
Дипломаттар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын жана учурдагы келишимдерди туруктуу ишке ашыруу Түркмөнстан-Азербайжан мамилелерин тереңдетип, кеңейтүүдө өзгөчө маанилүү экендигин белгилешти.
Ошондой эле министрлер энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашып, Түркмөнстан менен Азербайжандын регионалдык жана эл аралык транспорттук коридорлордун маанилүү түйүндөрү катары стратегиялык ролун белгилешти.
Жолугушуунун алкагында экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, маданият, билим берүү, илим жана башка социалдык тармактарда кызматташууну кеңейтүү жолдору да каралды.