02.09.25

Түркмөнстандын  Түркиядагы  элчиси М. Ишанкулиев Тркиянын Эрзурум провинциясынын губернатору Мехмет Секмен менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Көрүшмө учурунда, тараптар экономиканын бардык тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары, эки мамлекеттин аймактар аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого көңүл бурду. Күн тартибинде айрыкча айыл чарба тармагы, өнөр жай, маданий-гуманитардык жана туризм багыттары белгиленди. Мал чарбачылыгы тармагында ишкердик байланышты активдештирүү  талкууланды.

Жолугушуунун алкагында, Түркмөнстан жана Түркиянын ишкерлер чөйрөсү ортосунда туруктуу байланыштарды орнотуунун механизмдери каралды. Тараптар эки мамлекеттин улуттук экономикасынын атаандаштык артыкчылыктарына таянып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талдады.

Ошондой эле Түркмөнстан дипломатиялык делегациясы, Эрзурумдагы эл аралык айыл чарба жана мал чарба көргөзмөсүнүн ишине катышты. Бул иш-чара, Түркияда эң ири деп таанылган жана Европа өлкөлөрүндөгү алдыңкы тармактык көргөзмөлөрдүн катарына кирет.

https://turkmenportal.com/blog/94206/posol-turkmenistana-obsudil-s-tureckimi-vlastyami-investicionnye-proekty