22.08.25

Түркмөнстандын Улуттук туристтик зонасы “Авазанын” Конгресс-борборунда 2025-жылдын 22-август Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы, Түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Көрүшмөнүн  башталышында Гурбангулы Бердымухамедов, түркмөн жерине келген боордош өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, бул аймактагы элдерди бириктирген кылымдардан берки достук, бир туугандык жана кошуналык байланыштарды баса белгиледи. Ал жолугушуу биргелешкен аракеттердин келечегин талкуулоого жана жаңы маанилүү келишимдерге негиз салууга арналганын белгиледи. Бердымухамедов өзгөчө көңүлдү маданий-гуманитардык кызматташтыкка буруп, аны үч элди жакындатуучу маанилүү фактору деп атады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн Түркмөнстан тарапка ыраазычылык билдирип, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин стратегиялык мүнөзүн белгиледи. Ошондой эле ал жолугушуунун Тынчтык жана ишенимдин эл аралык жылына туура келген тарыхый маанисин белгиледи.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өз кезегинде энергетика жана транспорт-логистика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыктар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине токтолду.

Кеңешүүлөрдүн жыйынтыгында, бир катар документтерге кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди. Анын ичинде, Азербайжандын Физули шаары менен Түркмөнстандын Аркадаг шаарынын ортосунда бир туугандык мамилелерди орнотуу боюнча протокол дагы бар.

Жолугушууда өзгөчө көңүл энергетикалык өнөктөштүккө бурулду. Түркмөнстандан Өзбекстанга электр энергиясын жеткирүү, түркмөн электр энергиясын Азербайжанга экспорттоо жана газ ташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле Борбор Азия жана Каспий аймагындагы өлкөлөр үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон транспорттук кызматташтык маселеси дагы маанилүү орунду ээледи.

Мындан тышкары, түркмөн элинин Улуттук лидери 2026–2035-жылдарга карата өнөр жай долбоорлору боюнча биргелешкен инвестициялык программаны иштеп чыгууну сунуш кылды. Бул өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө, технология алмашууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Маданий-гуманитардык кызматташтык да артыкчылыктуу багыт катары белгиленди. Үч мамлекеттин лидерлери мындан ары да достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, боордош элдердин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

https://asal.media/blog/politic/19649/