03.11.25
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Балкан облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Çalik Holding» компаниялар тобунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Ахмет Чалыкты кабыл алды.
Президент Сердар Бердымухамедов энергетикалык долбоорлорго көңүл буруп, учурда Каспий деңизинин Түркмөнстан жээгинде курулуп жаткан бириктирилген циклдеги электр станциясынын коңшу өлкөлөргө, анын ичинде боордош Түркияга, андан ары башка мамлекеттерге да электр энергиясын экспорттоого мүмкүндүк берерин белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле Балкан облусунда жылына 1 миллион 155 миң тонна карбамид өндүрүүчү комплекстин курулушу башталганын билдирди. Аталган долбоор өлкө экономикасын диверсификациялоо аркылуу өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи жана «Çalik Holding» компаниясы мындан ары да Түркмөнстанда мамлекеттик маанидеги долбоорлорду заманбап технологиялар менен натыйжалуу ишке ашыра берет деген ишенимин билдирди.
«Çalik Holding» компаниялар тобунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Ахмет Чалыкты өзүнө көрсөтүлгөн жогорку ишеним үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип, жетектеген компаниясы келишимдик милдеттемелерине мындан ары да өтө жоопкерчилик менен мамиле кыларын баса белгиледи.


