04.11.25
Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн “CIET-2025” эл аралык конференциясынын алкагында, Түркмөнстандын энергетика тармагынын келечегине байланыштуу стратегиялык маанидеги билдирүү жасалды. Түркмөнстандын Энергетика министринин орун басары Сердар Сапаров Каспий деңизинин жээгинде заманбап жаңы электр станциясын куруу боюнча ири долбоордун ишке ашырылышы башталганын билдирди.
Каспий жээгинде курула турган бул жаңы объекттин орнотулган кубаттуулугу 1574 мегаватты (МВт) түзөт. Бул долбоор Түркмөнстандын энергетикалык тутумун модернизациялоо стратегиясынын негизги багыты болуп саналат.
Энергетикалык кубаттуулукту олуттуу жогорулатуу өлкөнүн ички керектөөчүлөрүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого кепилдик берет. Ошондой эле, Түркияга жана Кавказ өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Аталган энергетикалык жаңы долбоор өлкөнүн “жашыл энергетика” багытындагы саясатына толук шайкеш келет. Жаңы технология энергияны эки жолу пайдаланууга мүмкүндук берет. Мисалы, газ турбиналарынан чыккан ысык газдардын температурасын пар турбиналары аркылуу кошумча электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонуу каралган. Бул ыкма жаратылыш газын үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгарылышын олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет, өндүрүштү экологиялык жактан таза жана натыйжалуу кылат. Сердар Сапаров белгилегендей, долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы Түркмөнстандын инновациялык технологияларга жана туруктуу өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясына берилгендигин тастыктайт.


