07.11.25
“Кытай – Ош – Савай – Сарахс – Тегеран” эл аралык мультимодалдык транспорттук коридорунун биринчи этабы алгачкы сыноо контейнер партиясын жөнөтүү менен башталды. Бул тууралуу Түркмөнстандын транспорт жана логистикалык борборунун (TULM) маалымат кызматы билдирди.
Учурда Кытайдан жиберилген тогуз контейнер Кашгар чек ара өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандын Ош станциясына жетти. Азыркы учурда контейнерлер автомобиль транспортунан темир жолдун фитингдик платформаларына жүктөлүүдө.
Долбоорду Түркмөнстандын транспорттук-логистикалык борбору менен “CNTRAN INT’L LOGISTICS” компаниясы биргелешип ишке ашырууда. Анын максаты, мультимодалдык жүктөрдү ташууну өнүктүрүү жана Кытайдан Борбор Азия аркылуу Иранга, андан ары Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө чейин туруктуу товар ташуу багытын түзүү.
Андан ары контейнерлер “Кытай – Ош – Савай – Сарахс – Тегеран” маршруту боюнча Түркмөнстан аймагы аркылуу транзит менен жүрөт. Бул пилоттук долбоор аймактагы транспорттук жана логистикалык кызматташтыкты чыңдоодо, ошондой эле Түркмөнстандын Түндүк–Түштүк жана Чыгыш–Батыш багыттарындагы негизги транзиттик түйүн катары ролун бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.
Буга чейин Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан” багыты боюнча биргелешкен сыноо маршрутун ишке киргизишкен. Бул демилге транспорттук кызматташтыкты бекемдөөгө жана эл аралык логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.


