21.11.25
Түркмөнстан жана Өзбекстан ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган “Шават – Дашогуз” биргелешкен чек ара соода аймагы пайдаланууга берилди. Бул окуя эки өлкөнүн лидерлеринин өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү кеңейтүү багытында кызматташуусунун жыйынтыгы болуп саналат.
Биргелешкен соода аймагынын жалпы аянты алты гектарды түзөт, анын үч гектары Өзбекстан товарлары үчүн калган үч гектары Түркмөнстан үчүн бөлүнгөн.
Жабык соода павильонунда 112 соода катарларын жана 28 адистештирилген дүкөндү жайгаштырууга шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары дагы 16 соода түйүндөрүн ачуу каралган. Аталган соода аймагында Өзбекстанда өндүрүлгөн продукция, Түркмөнстанга экспорттолот, ал эми Түркмөнстанда чыгарылган товарлар Өзбекстанга жөнөтүлөт. Бул өз кезегинде ишкердикти өнүктүрүүгө жана эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө салым кошот.
Жаңы соода аймагынын артыкчылыктарынын бири, жөнөкөйлөштүрүлгөн соода режими болуп саналат. Замандын талабына жооп берген техникалык жабдуулар орнотулган, заманбап бажы посту товарлардын жана адамдардын чек арадан өтүүсүн ыңгайлуу жана ачык-айкын кылат. Өзбекстан жана Түркмөнстан жарандары чек ара соода аймагында визасыз жүрө алышат, бул достук мамилелерди жана экономикалык кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.
Соода аймагы заманбап инфраструктуралык объектилер менен камсыздалган. Аларга, соода павильондору, кампалар, контейнердик аянтчалар. “Бирдиктүү терезе” борбору бажы, салык жана сертификаттоо кызматтары бар. Мындай шарттар бизнес жүргүзүүнү жеңилдетет. Ошондой эле банктык кызмат көрсөтүү пункттары, акча алмаштыруучу жайлар, мейманканалар жана медициналык пункттар да бар.
Эскерте кетсек, “Шават – Дашогуз” соода аймагынын курулушу 2022-жылдын октябрында башталып, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, улуттук продукцияны илгерилетүү жана эки өлкөнүн ишкердиги менен экономикалык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуучу стратегиялык аянтча катары бааланууда.


