26.11.25

Астана жана Ашхабад түркмөн газын Казакстан аймагы аркылуу экспорттоо багыттарын талкуулашты. Негизги максат Кытайга, Иранга жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө газды экспортоо мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу болуп саналат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эки мамлекеттин кызматташуусунун кеңейтүүнүн келечеги кайра иштетүү тармагы, чек ара араларда жайгашкан энергия агымдарын башкаруу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү да камтыйт. Бул багыттар глобалдык рыноктор өзгөрүп жаткан шартта жалпы аймактын энергетикалык мейкиндигин түзүүнүн базасы боло алат.

Түркмөнстан ири табигый газ ресурстарына бай мамлекет болуп саналат. Ал эми, Казакстан Түркмөнстан газын башка өлкөлөргө экспорттоодо негизги ролду ойногон мамлекет  катары каралууда.

Казакстандын “QazaqGaz” компаниясы “Türkmengaz” компаниясы менен биргеликте технологиялык процесстерди бирлештирүү жана биргелешкен долбоорлорду даярдоо иштерин жүргүзүп  жатышат. Тараптар  Түркмөнстанда жайгашкан “Galkynyş” газ кени боюнча жол картасын түзүп калуулары мүмкүн.

Эскерте кетсек “QazaqGaz” комнаниясы Казакстандын улуттук газ компаниясы болуп саналат. Компания табигый газды өндүрүү, ташуу, сактоо жана сатуу, ошондой эле өлкөнүн газ транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү менен алектенет.

https://business.com.tm/ru/post/14690/ashgabat-and-astana-discuss-turkmen-gas-supply-routes-through-kazakhstan