09.12.25

Өзбекстанда Түркмөнстандын капиталдык салымы менен түзүлгөн 200 компания иштеп жатат. Компаниялар курулуш тармагында колдонулуучу материалдарды өндүрүүчүлөр, текстиль ишканалары, эмерек фабрикалары жана сервис компаниялары болуп эсептелет. Бул тууралуу Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, агроөнөр жай секторунда, мунайды кайра иштетүү жана таңгактоо өндүрүшү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. 2024-жылы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,148 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда, Өзбекстандын экспорту 128 миллион долларга жеткен, ал эми импорту 1 миллиард доллардан ашкан. Импорттун өсүшү негизинен күйүүчү жана майлоочу материалдарды, химиялык продукцияны жана өнөр жай товарларын сатып алууга байланыштуу болду.

Экономикалык мамилелерди чыңдоодо транспорттук байланыштар олуттуу роль ойнойт. 2024-жылы жалпы жүк ташуу көлөмү 1,11 миллион тоннага жетип, транзит дээрлик 40% пайызга өскөн. Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылдын январь–октябрь айларында 876,8 миллион долларды түздү. 

https://business.com.tm/ru/post/14752/turkmen-investment-backs-200-companies-in-uzbekistan