04.09.21

Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) тиешелүү компаниялар Кыргызстанда күндөн электр энергиясын өндүргөн станцияларынын курулушуна инвестиция салууга  кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Өнөр жай жана энергетика министрлиги билдирди.

02.09.21

2021-жылдын январь-июль айларында, Кыргызстанга Түркиядан 392 миллион долларга бааланган товарлар экспорттолгон. Бул тууралуу маалымат  31-августь күнү, Түркиянын Статистика институту тарабынан жарыяланды. Ал эми 2020-жылдын ушул эле январь-июль айларына салыштырмалуу импорт 85% пайызга же 180 миллион долларга көбөйгөн.

26.08.21     

Бишкек шаарында Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

28.07.21

Кыргызстанга гуманитардык жардам катары  28-июль күнү  «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди.

22.07.21

Түркия “Диянет” фонду тарабынан Кыргызстанда быйыл да курмандык сойуу жөрөлгөсү уюштурулду. Быйыл 1700 кой курмандыкка чалынып, Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы муктаж болгон 10, 000 үй-бүлөгө таратылып берилди.

26.07.21

Иран менен Кыргызстан Бандар-Аббас — Ош коридорун ачууга макулдашты.

17.07.21

Азербайжандын Баку шаарынан 16-июль күнү Кыргызстандын эл аралык “Манас” аэропортуна  AstraZeneca вакцинасынын 40 дозасы жүктөлгөн учак келип конду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

09.07.21

Кыргызстанды, анын тарыхый жана маданий баалуулуктарын, ошондой эле туризмин таанытуу максатында 2021-жылдын 6-июлунда Кыргызстандын элчилиги тарабынан Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата аталган миниcтрликте сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

06.07.21

2021-жылдын 5-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянвын вице-президенти Ф. Октайдын улук кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

05.07.21

Кыргыз-түрк бизнес-форумунун алкагында Түркиянын Хатай шаарынын мэри Лүтфү Саваш баш болгон жеке ишкерлердин делегациясы Бишкекке келишип, эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.