Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 9-11-июнь күндөрү Түркияга расмий иш сапары менен барды.

10.06.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-июнь күнү, Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (парламент) Төрагасы Мустафа Шентоп мырза менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  9-июнь күнү Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен  Анкара шаарында  жолугушту.

26.05.21

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына Түштүк Кореядан инвесторлор келишти. Бул тууралуу, “Turmush” маалымат кызматы билдирди.

10.03.21

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 10-март күнү,  “Анталия дипломатиялык форуму” уюштурулду. Иш-чара өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда болуп ѳттү.

15.05.21

Кыргызстан жана Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.

17.05.21

Россиялык “КАМАЗ” компаниясы Кыргызстандык компаниялар менен биргеликте, Кыргызстанда оор жүк ташуучу автоунааларын чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

14.05.21

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында “Агро-Куш” деп аталган канаттуулардын ири фермасы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

14.05.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 14-май күнү, Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу, Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

11.05.21

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында, 11-май күнү, шаардык транспорт башкармалыгы жана Өзбекстанга таандык “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болуп өттү.