01.02.25

“Узчармсаноат” Ассоциациясы эки ири Түркиялык брендер “Jeune Pierre” жана “Gelibolu Taban” менен кызматташууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын баштады. Жолугушууда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду уюштуруу жана өзбекстандык ишканалары менен аутсорсингдин негизинде кызматташуу маселеси талкууланды.

25.01.25

2025-жылдын 24-январында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Азербайжандын Эл аралык банкынын (АЭБ) башкармалыгынын төрагасы Аббас Ибрагимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

24.01.25

Кыргызстан менен Өзбекстан химиялык чийки заттарды жана даяр продукцияларды өндүрүү тармагында өзбекстандык жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

17.01.25

2025-жылдын 17-январында Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин орун басары Отабек Фазилкаримов Түркиянын Сакарья провинциясынын саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

17.01.25

Өзбекстан 2024-жылы инвестицияларды тартуу жана экспорттун көлөмүн өстүрүү боюнча жасалган иштердин жыйынтыгы, президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында каралды. Бул тууралуу, өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

17.01.25

Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу өзбек адистери 2026-жылы Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) менен биргеликте орбитага жөнөтүлө турган спутникти жасоого катышат.

15.01.25

Өзбекстандын Транспорт министрлиги эл аралык транзиттик маршруттарды өнүктүрүү жана Түркмөнстан аркылуу жаңы коридорлорду түзүү пландарын жарыялады. Бул тууралуу, шейшемби күнү “Türkmenawtoulaglary” агенттиги билдирди.

14.01.25

Өзбекстандын Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө чет элдик капиталдын катышуусу менен 14, 871 ишкана жана уюм иштеп жатат. Бул Өзбекстандын чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуулугу тынымсыз өсүп жатканын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкенин көрсөтүп турат.

09.01.25

Түркиялык “Aplus Tedariks AS” компаниясы “Узчармсаноат” ассоциациясынын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, терини иштетүүнүн жарым фабрикаттарынын бетин каптоо технологиясын жакшыртууга багытталган инновациялык долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулады.

09.01.25

Өзбекстандын Башкы консулдугунун көмөгү менен Өзбекстандын гигиеналык товарларын өндүргөн ишкананын экспорт менеджери Зикриёхон Маъмуров жана Кыргызстандын “Датка Холдинг” компаниясынын вице-президенти Дилноза Тавалдиеванын жолугушуусу, Кокон эркин экономикалык зонасында өттү. Жолугушуунун максаты өзбек продукцияларын Кыргызстанга экспорттоо маселелерин талкуулоо болду.