26.04.25

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 26-апрель күнү телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

23.04.25

Өзбекстандын Санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов, жакында Өзбекстанга дайындалган Түркиянын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Уфук Улуташ менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки өлкө ортосунда маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

16.04.25

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арада эркин соода-өнөр жай аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү министрликтердин жана аймактык администрация башчыларынын катышуусунда өткөн Анжиян облусун өнүктүрүү боюнча иш жыйынында билдирди.

16.04.25

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнүн алдыңкы аналитикалык борборлору Ташкен шаарында жыйын өткөрүп, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү стратегияларын талкуулашты. Жыйынга Казакстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана байкоочу мүчө өлкө болгон Венгриянын өкүлдөрү катышты.

10.04.25

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыйындын жүрүшүндө, туризм тармагын андан ары дагы өнүктүрүү боюнча максаттарын жарыялады. 2025-жылы өлкө 15 миллион чет элдик туристти кабыл алууну жана туристтик кызматтардын экспортун 4 миллиард долларга чейин жогорулатууну көздөп жатат.

09.04.25

Өзбекстан жана Кыргызстан биргелешип медициналык буюмдарды өндүрүүнү пландап жатышат. Өндүрүш Бишкек эркин экономикалык аймагынын аймагында уюштурулат. Бул тууралуу “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди.

04.04.25

Түркия менен Өзбекстандын соода-экономикалык мамилелери жогорку деңгээлдеги өсүштү көрсөттү. Мисалы 2016-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 1,2 миллиард доллар  болсо 2024-жылы 3,5 миллиард долларга жетти. Бул өсүшкө 2016-жылдын ноябрь айында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Самаркандга болгон иш сапары чоң таасирин тийгизген.

20.03.25

Өзбекстан жана Түркиянын экономикалык кызматташтыгы күч алып, курулуш материалдары тармагындагы байланыштары жаңы деңгээлге чыкты. Эки өлкөнүн улуттук баалуулуктары жана салттарынын окшоштугу, ошондой эле Түркиянын курулуш тармагындагы алдыңкы тажрыйбасы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү фактор болуп саналат.

19.03.25

2025-жылдын 18-мартында Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов венгриялык “OTP Group” компаниясынын делегациясы менен жолугушуп ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземине катышты.

15.03.25

15-мартта Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Казакстандын Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.