23.09.21

Президент Касым-Жомарт Токаев Актау шаарынын түштүк бөлүгүндө, Каспий деңизинин жээгинде  курулуп жаткан  “Rixos Water World Aktau” мейманкана комплексинин курулуш иштери менен таанышып чыкты.

26.09.21

Түркиялык “Gap Inşaat” курулуш компаниясы Ашхабад шаарында 400 орундуу “Эл аралык дарылоо жана калыбына келтирүү борборун” жана 250 орундуу “Эл аралык физиология илимий-клиникалык борборун” курат. Тиешелүү токтомго президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Бул тууралдуу,  Түркмөнстандын “Ватан” телеканалы билдирди.

25.09.21

Иран Кыргызстанга деңизге чыгуу үчүн Бандар Аббас портунан жер бөлүп берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Ирандын Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагындагы жолугушуусунда белгилүү болду.

23.09.21

2021-жылдын жай мезгилинде,  казакстандыктар Түркияда 507 даана батир сатып алышкан жана муну менен алар кыймылсыз мүлк сатып алуучулардын алдынкы ондугуна киришти. Казакстан  Германия жана Кувейт өлкөлөрүнөн кийинки тизмеде алтынчы орунд турат. Бул тууралуу Түркиянын кыймылсыз мүлк “Turk.Estate” агрегатору билдирди.

23.09.21

Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган маарекесинде, эки өлкөнүн башчылары тарабынан товар жүгүртүүнү  1 миллиард долларга жеткирүү жана келечекте аны 2 миллиард долларга чейин чыгаруу милдетин койгондугун билдирди.

23.09.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Мангистау облусунун борбору Актау шаарына болгон иш сапарынын алкагында, облусттун адмнистрациясынын жетекчилери  менен жолугушту.

22.09.21

Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунун жыйынтында 10.3 миллион доллардан ашык 11 келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева иш-чаранын расмий жабылышында билдирди.

22.09.21

Өзбекстандын Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылдын январь-август айларында  418,1 миллион долларга (өткөн жылга салыштырмалуу 23,6% пайызга көп)  жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында жарыяланды.

21.09.21

Өзбекстанда “Lada” унааларын өндүрүү иштери  башталды. Алгачкылардан болуп өндүрүлгөн  “Lada Vesta SW” жана “Lada XRAY” үлгүлөрүндөгү унаалар сатыка чыгарууга  даяр. Жакынкы аралыкта алардын катарына “Lada Largus” үлгүсүндөгү унаалар дагы кошулмакчы.

21.09.21
Казакстанда быйыл 2021-жылы дандын жана май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын көлөмү 18 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө.  Анын ичинде 16 миллион тоннасын дан жана буурчак өсүмдүктөрү түзөт.