- Подробности
03.12.21
Түркмөнстан Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун товарларын ташуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди. Мындай сунуш бейшемби күнү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча “Түркмөн-кыргыз” өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи онлайн отурумунда талкууланды.
- Подробности
01.12.21
Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев “EXPO 2020 Dubai” көргөзмөсүнүн алкагында өткөн соода-инвестициялык форумдун жыйынтыгынын негизинде, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен энергетика тармагындагы бир катар инвестициялык келишимдер түзүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги кабарлады.
- Подробности
02.12.21
Үстүбүздөгү жылдын он айында, Тажикстандын КМШ өлкөлөрү менен болгон соодасынын көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4% пайызга өстү.
- Подробности
30.11.21
Казакстанда 2025-жылга чейин суюлтулган газды өндүрүү 300 миң тоннага көбөйүп, жалпы 3,5 миллион тоннаны түзүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министрлигинин башчысы Магзум Мирзагалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
- Подробности
28.11.21
Кыргызстан Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу, 28-ноябрда президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда билдирди.
- Подробности
30.11.21
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 29-ноябрь күнү, Россиянын “Лукойл” компаниясынын башчысы Вагит Алекперов менен Каспийдеги мунай жана газ кендерин казып алуу жана иштетүү маселесин талкуулашты.
- Подробности
29.11.21
Ашхабад шаарында 28-ноябрь күнү өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин жүрүшүндө, Ирандын президенти Эбрахим Раиси жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин, жана ошондой эле Түркмөнстандын, Ирандын Азербайжандын газ департаменттеринин жетекчилери жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.
- Подробности
27.11.21
Түркия Түркмөнстан менен активдүү кызматташууну жактайт. Бул тууралуу Түркияныны президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-ноябрь күнү, Ашхабадда Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен болгон көрүшмөнүн жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.
- Подробности
26.11.21
Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Аймактар аралык III форумда, Өзбекстан жана Казакстан 611 миллион долларлык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
28.11.21
Ташкент шаарында 27-ноябрь күнү, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана “Өзбек-кыргыз” өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улукбек Кармышаков жолугушту. Көрүшмө учурунда, аталган фонддун практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.