- Подробности
20.12.19
Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана коомдук тейлөө боюнча министрлиги ушул жылдын 10 айынын ичинде 113,134 миң чет өлкөлүк жарандарга өзүнүн аймагында жумушка орношууга уруксат берген. Алардын ичинде, Түркмөнстандын 5 миң жараны дагы бар.
- Подробности
19.12.19
Япониялык “Isuzu Motors” жана “Itochu Corporation” компаниялары Өзбекстандын Самаркан шаарындагы автомобиль заводун өнүктүрүү үчүн 15 миллион доллар инвестиция жасай турган болду. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” агенттиги жазып чыкты.
- Подробности
18.12.19
Казакстандын "КазАвтоПром" унаа жасоочу ишканаларынын биримдиги, 2019-жылдын 11 айынын аралыгында жалпы республика боюнча, автомобил өндүрүү боюнча маалымат берди.
- Подробности
19.12.19
Кыргызстандын айыл чарбасын колдоо, региондордун өнүгүүсүнө түздөн-түз мүмкүндүк берет. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош облусунун Араван районуна караштуу “Интернационал” айылында жайгашкан күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.
- Подробности
19.12.19
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-декабрь күнү, Япониянын Токио шаарындагы “Акасака” резиденциясында Япония Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) президенти Синичи Китаоку мырза менен жолугушуу өткөрдү.
- Подробности
16.12.19
Тажикстандын Душанбе шаарында, тажик өкмөтү, Тажикстандын “Авесто групп” жана Өзбекстандын “Artel Engineering and Management” компаниялары жаңы инвестициялык келишимге кол коюшкан.
- Подробности
17.12.19
Казакстандын Кызылордо облусунун Шиелий районунда 50 мегаватт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуучу электростанциясы ишке киргизилди.
- Подробности
15.12.19
Түркмөнстанда жакынкы учурда, IP-тюнерлери орнотулган жаңы үлгүдөгү телевизорлорду чыгарып башташат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын өкмөт өкүлдөрүнүн жыйналышы учурунда маалым болду.
- Подробности
17.12.19
Казакстандын Улуттук экономика минстирлигине караштуу статистикалык комитетинин берген маалыматта, Казакстан жана Түркиянын 2019-жылдын алгачкы 10 айында, соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 54% пайызга жогорулап (899 миллион 911 миң доллар), жалпы соода жүгүртүү 2 миллиард 554 миллион 421 миң долларды түзгөн.
- Подробности
13.12.19
Иран Өзбекстан үчүн өзүнүн аймагы аркылуу деңиз, темир жана автомобиль жолдорун ачып, Түндүк Африка өлкөлөрү менен байланыштырган транзиттик өлкөнүн ролун аткарууга даяр.