- Подробности
04.03.22
Өзбекстан жана Пакистан жакынкы жылдары өз ара товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга, ал эми узак мөөнөттүү келечекте 1 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө берген брифинг учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу, “УзА” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
03.03.22
Түркиялык “Decna Bishkek Textile” компаниясы Кара-Балта шаарында ири текстиль фабрикасын куруп жатат. Инвестор буга чейин фабриканын курулушуна 10 миллион доллар короткон жана 2025-жылга чейин дагы 22 миллион доллар акча каражатын сарптамакчы. Долбоордун жалпы баасы 27 миллион долларга бааланган.
- Подробности
01.03.22
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев жана депутат Нурланбек Азыгалиев 28-февраль күнү, Түркиядан келген ишкерлер жана Кыргызстандын Бурса шаарындагы ардактуу консулу Тутуш Билал менен жолугушту.
- Подробности
01.03.22
Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлери Алишер Султанов жана Болат Акчулаков жолугушту. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
28.02.22
Анкара шаарында 2022-жылдын 25-февраль күнү, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түркиянын Өнөр жайчылар, ишкер аялдар жана ишкерлер конфедерациясы (Sankon) менен биргеликте уюштурган “Кыргызстан-Түркия” бизнес форуму болуп өттү.
- Подробности
28.02.22
Түркмөнстандын вице-премьер-министри Сердар Бердымухамедов 26-февраль күнү Түркиянын Соода министри Мехмет Муш менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, Сердар Бердымухамедов эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана соода алакаларын жакшыртуу үчүн транзиттик- транспорттук коридорлорду жана аба каттамдарын натыйжалуу пайдаланууну белгиледи.
- Подробности
25.02.22
Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев, Индиянын Казакстандагы элчиси Шубдаршини Трипати менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Казакстан-Индия өкмөттөр аралык комиссиянын XIV отурумунун күн тартиби талкууланды. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
25.02.22
Өзбекстандын Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын Бируни районунда, шамал электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
26.02.22
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-февраль күнү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.02.22
Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын биринчи айында 26,3 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.