- Подробности
17.04.23
Кыргызстандык эт азыктарын өндүрүүчү “Торо” компаниясы Венгриядагы мейманкана жана ресторандарга кой этин жеткирүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу, Венгриялык “Matushz - Vad Zrt” компаниясынын, Кыргызстандын “Торо” компаниясынын жана Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлдөрү, Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
- Подробности
12.04.23
Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: “Биз Түркия Азербайжан менен биргеликте, Болгарияны жана Түштүк-Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүн энергетикалык ресурстар менен камсыз кылууну өркүндөтүп жатабыз”- деп билдирди.
- Подробности
13.04.23
Казакстандык “Тау-Кен Самрук” улуттук тоо кен компаниясы жана Түркиялык “D Mineral” компаниясы биргелешкен геологиялык чалгындоо долбоорун баштайт. Геологиялык чалгындоо үчүн келечектүү аймактарды аныктагандан кийин компаниялар биргелешкен ишкана түзүүнү пландаштырууда.
- Подробности
12.04.23
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 12-апрелде Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк баштаган делегация менен жолугушту. Көрүшмөнүн күн тартибине практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, кызматташтык долбоорлорун колдоо жана илгерилетүү, инновацияларды жана алдыңкы технологияларды киргизүү маселелери, ошондой эле ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн башка аспектилери каралды.
- Подробности
11.04.23
Өткөн 2022-жылы, Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүүсү 20 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Финансы жана экономика министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен Өзбекстандын “Daryo” маалымат агенттиги маалымдады.
- Подробности
10.04.23
Казакстан жана Азербайжандын соодасынын көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жогорулатуу үчүн олуттуу потенциалы бар.
- Подробности
06.04.23
Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Тбилисидеги «Жашыл энергетика коридору» форумунда сүйлөп жатып: “Бизге энергия булактары керек.
- Подробности
05.04.23
Казакстан Азербайжан менен соода кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдар.
- Подробности
05.04.23
Түркмөнстандын “Элдик маслахатиянын” төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен 4-апрель күнү жолугушту. “Turkmenistan Today” мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиришинче жолугушууда эки мамлекеттин өкүлдөрү, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы соода жугүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү талкуулашты.
- Подробности
04.04.23
2023-жылдын 3-апрель күнү, Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жана Венгриянын Экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Көрүшмөнүн жүрүшүндө, актуалдуу маселелер жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы чаралары талкууланды.












