- Подробности
24.05.21
Россиялык “ГАЗ” автокомпаниясы Өзбекстанда автоунааларды чыгарууну көздөп жатат. Тиешелүү меморандумга Өзбекстандын Ташкент облусунун жетекчилиги жана аталган автокомпаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюлду. Бул тууралуу, “ГАЗ” автокомпаниясынын маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
18.05.21
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Кыргызстанга гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 4500 тоннага жакын буудай уну жеткирилди. Гуманитардык жүктү тапшыруу аземине Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев жана Кыргызстандын Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашев катышты. Бул тууралуу, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
22.05.21
Түркиялык “Turkish Airlines” (Түрк аба жолдору) авиакомпаниясы Казакстандын Түркстан шаарына “Түркстан-Стамбул” каттамы боюнча жаңы эл аралык аба каттамын ачты. Бул тууралуу, Казакстандын Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
18.05.21
Түркмөнстан жана Иран Каспий деңизинде жүк ташууну көбөйтүүну талкуулоо үчүн жолугушуу уюштурушту.
- Подробности
18.05.21
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзоданын жетекчилиги астында Ташкент шаарында, эки өлкөнүн соода-экономикалык өнөктөштүгү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
- Подробности
18.05.21
Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 17-май күнү ишкерлердин форуму болуп өттү. Ага жергиликтүү жана Казакстандык ишкерлер катышты. Форумдун алкагында ири келишимдерге кол коюлду, алардын жалпы суммасы дээрлик 80 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
18.05.21
Жаңы темир жол коридорун түзүү маселеси Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Ирандын темир жол башкармалыктарынын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын онлайн формат жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу, “Туркменистан: Золотой век” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
12.05.21
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-май күнү, “KAZ Minerals” компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Олег Новачук. менен жолугушту. Көрүшмөнүн жүрүшүндө Олег Новачук президентке “Актогай” тоо-кен комбинатынын курулуш-монтаждоо иштеринин экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу “Акорда” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
17.05.21
Россиялык “КАМАЗ” компаниясы Кыргызстандык компаниялар менен биргеликте, Кыргызстанда оор жүк ташуучу автоунааларын чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
14.05.21
Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында “Агро-Куш” деп аталган канаттуулардын ири фермасы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.