- Подробности
13.11.21
Түркмөнстандын Казакстандагы элчиси Батыр Режепов 12-ноябрь күнү, Казакстандын алдыңкы логистикалык компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн транспорт-логистика тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдирди.
- Подробности
12.11.21
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү, Түркиянын Стамбул шаарында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) саммитинин алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.
- Подробности
13.11.21
Стамбул шаарында 12-ноябрь күнү, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу болуп өттү. Түркмөнстандын башчысы Стамбулга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) мамлекет башчыларынын VIII саммитине катышуу үчүн иш сапары менен келген.
- Подробности
12.11.21
Президент Режеп Тайип Эрдоган Түрк кеңешинин 8-саммитинен кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Президент маалымат жыйынында төмөндөгүлөргө токтолуп өттү;
- Подробности
12.11.21
Кыргызcтандын президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин катчылыгынын (ТМКК) жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты.
- Подробности
13.11.21
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) катышуучу Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
- Подробности
10.11.21
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кубаттуулугу 30 мегаваттка чейин жеткен 50 даана чакан гидроэлектростанция (ГЭС) ишке кирүүгө дээрлик даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал “Коммерсант” гезитине берген маегинде билдирген.
- Подробности
11.11.21
Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркия тарабынан Өзбекстанда 321 компания курулган. Түркия өзүнүн инвестициясы менен эң көп компания курган өлкөлөрдүн алдыңкы тизмесинен орун алды.
- Подробности
09.11.21
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 9-ноябрь күнү өлкөнүн инвестициялык штабынын жыйынында, жаратылыштан энергия алуунун булактарына (ЭКБ) багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
06.11.21
Казакстанда 2025-жылга чейин 5 даана химиялык нефтегаз заводун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу, Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев билдирди.












