- Подробности
29.09.20
Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада, Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүштү. Көрүшмө учурунда өкмөт башчылары, эки өкөнүн ортосундагы товар алмашууну жакынкы жылдары 1 миллиард долларга жеткирүү керек экендигин белгилешти. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
- Подробности
29.09.20
Түркмөнстан Кытайга газ экспорттоо боюнча алдынкы орунда турат. Бул тууралуу, «Интерфакс» маалымат агенттиги Кытайдын бажы кызматынын берген билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
- Подробности
28.09.20
Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жана Татарстан Автономиялуу Республикасынын президенти Рустам Минниханов 27-сентябрь күнү жолугушту. Көрүшмө Казакстандын Костанай облусунда курулушу башталып жаткан «КАМАЗ» маркасындагы оор жүк ташыган унаалардын тетиктерин чыгарган заводун ачылыш аземине катышуу учурунда болуп өттү.
- Подробности
28.09.20
Түркиялык «Eti bakır» компаниясы, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин иштетиш үчүн 180 миллион доллар инвестиция салат.
- Подробности
25.09.20
Каспий деңизинде жайгашкан, Эл аралык Түркмөнбашы портунан Кытайдын Циндао шаарына, Казакстандын Актау порту (Каспий деңизинин жайгашкан) аркылуу, Түркмөнстанда өндүрүлгөн полипропилен (курулуш жана үй тиричилик буюмдарын жасоодо кеңири колдонулган химиялык зат) жөнөтүлдү. Аны Кытайга жеткирүүнү, Казакстандык “KTZ Express” транспорттук-логистикалык компаниясы алгачкы ирет ишке ашырды. Бул тууралуу, «Железнодорожник Казахстана» интернет маалымат порталы билдирди.
- Подробности
26.09.20
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда 50 миллион евро капиталы менен “Кыргыз-венгер өнүгүү” фонду түзүлөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрь күнү, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди.
- Подробности
23.09.20
Казакстандын жана Кытайдын темир жол тармагынын жетекчилери 20-сентябрь күнү, видеоконференция форматында жолугушуу өткөрүштү. Казакстан тараптан “НК ҚТЖ” акционердик коомунун жетекчиси Сауат Мынбаев жана “Кытай темир жолдору” бирикмесинин директорлор кеңешинин башчысы Лу Дунфу мырза катышкан. Бул тууралуу, “zakon.kz.” маалымат порталы билдирди.
- Подробности
23.09.20
Өзбекстан өкмөтүнүн токтому менен жылдын бардык сезонунда, туристтерге кызмат көрсөтө турган «Бельдерсай-Чимган-Нанай» аттуу эл аралык стандартка жооп берген, курорттун курулушунун планы иштелип чыкты. Курорт Ташкент облусуна караштуу, Бостанлык районунда орун алмакчы.
- Подробности
22.09.20
Түркмөнстандын “Türkmendemirýollary” агенттигинин өкүлдөрү, 21 сентябрь күнү Афганистандын Транспорт министрлигинин алдындагы темир жол башкармалыгынын өкүлдөрү менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү. Көрүшмө учурунда Акина-Андхой жана Тургунди-Герат темир жол маршрутунун курулушунун долбоорун талкуулоо болду. Бул тууралуу “Түркменистан сегодня” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
21.09.20
Евро Биримдик (ЕБ) Тажикстанда туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорун баштагандыгын жарыялады. Бул тууралуу, Евро Биримдик (ЕБ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.