- Подробности
23.02.21
Түркия Түркмөнстандын өндүргөн газын өзүнүн аймагы аркылуу, Европанын базарларына транзиттик жол менен жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрүүгө даяр. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркмөнстан Республикасынын тышкы иштер министри Рашад Мередов менен биргелешип журналистер үчүн өткөргөн пресс-конференцияда учурунда билдирди.
- Подробности
23.02.21
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 22-февраль күнү, гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор менен таанышып чыккан. Бул тууралуу, “Trend kun.uz “ маалымат булагы билдирди.
- Подробности
22.02.21
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов борбор шаар Ашгабадда, Россиянын “Лукойл” компаниясынын башчысы Вагит Алекперовду кабыл алды. Бул тууралуу, “Тurkmenistan” интернет газетасы жазып чыкты.
- Подробности
22.02.21
Казакстан Кыргызстандын Талас облусунун аймагында жайгашкан “Маймак” эркин экономикалык зонасынын аймагында, нефтини кайра иштетүүчү завод курууну каалайт. Мындай сунушун “Темирлан-Ойл” компаниясынын башкы директору Мухит Оразбаев Кыргызстандын президенттинин аппараты өткөргөн жыйыны учурунда билдирди. Жаңы завод Казакстандын “Кумколь” мунай кенинде өндүрүлгөн нефтини кайра иштетүү үчүн курулмакчы.
- Подробности
16.02.21
Түркмөнстанда 2021-жылы мамлекеттин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу 30 даана ири өнөр жай жана социалдык объектилер колдонууга берилет. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
19.02.21
Өзбекстанда дүйнөнүн алдыңкы “Nike” жана “Adidas” компаниялары тарабынан спорттук бут кийимдердин (кроссовка бренддерин) өндүрүү иштери башталат. Бул тууралуу, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
- Подробности
16.02.21
Казакстан 2021-жылы 15,4 триллион теңге инвестиция тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди.
- Подробности
16.02.21
2020-жылдын соңуна карата, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 527 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, “Business Türkmenistan” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
16.02.21
Учурда Тажикстандын аймагында, Өзбекстандын капиталы менен курулган 51 ишкана катталган. Бул тууралуу, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сади Кодирзода 16-февраль күнү, өткөн маалымат жыйынында билдирди.
- Подробности
15.02.21
Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов “Гишт-Куприк” чек ара өткөрүү пунктунда жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.