- Подробности
08.09.21
Түркиялык инвесторлор, Казакстандын химиялык өндүрүш тармагында бир нече долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Түркиялык “Brımstone” күкүрт өндүрүүгө адистешкен компаниясынын негиздөөчүсү Эфе Мунип Нурдогду, “Kazakh Invest NС” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Мейржан Юсупов менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди.
- Подробности
14.09.21
Түркмөнстанда 2021-жылдын алгачкы сегиз айында, жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмү 55 миллиард куб метрден ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,4 миллиард куб метрге көптүк кылат. Бул тууралуу, “Түркмөнбашы” мунай иштетүүчү комплексинин (TKNPZ) маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
09.09.21
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында, Түркия модасы жана текстиль товарларынын 4-көргөзмөсү ачылды. Анда кездемелер, аксессуарлар жана даяр кийимдер коюлган.
- Подробности
11.09.21
Түркмөнстандын Ахал облусуна караштуу Геокдепе районунда жайгашкан “Maksada okgunly” үндүк фабрикасы, Азербайжанга ар бир айда 22,5 тоннадан үндүк этин экспорттко чыгармакчы.
- Подробности
10.09.21
Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча “Кыргыз-түрк” өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
- Подробности
10.09.21
Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча “Кыргыз-түрк” өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында, “Кыргызстан - Түркия” бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
11.09.21
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-сентябрь күнү, Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
08.09.21
Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Түркия жана Казакстандын ортосундагы соода алакалары тууралуу журналистерге маалымат берди.
- Подробности
08.09.21
Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев, Индия жана Кыргызстандын ортосунда жаңы соода темир жолун түзүү пландалып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу “tazabek.kg.” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
07.09.21
Өзбекстандын фармацевтика тармагында 1,25 миллиард долларга бааланган 104 даана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу, мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев өлкөнүн фармацевтика тармагынын абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышуу учурунда белгилүү болгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.












