- Подробности
19.02.21
Өзбекстанда дүйнөнүн алдыңкы “Nike” жана “Adidas” компаниялары тарабынан спорттук бут кийимдердин (кроссовка бренддерин) өндүрүү иштери башталат. Бул тууралуу, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
- Подробности
16.02.21
Казакстан 2021-жылы 15,4 триллион теңге инвестиция тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди.
- Подробности
16.02.21
2020-жылдын соңуна карата, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 527 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, “Business Türkmenistan” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
16.02.21
Учурда Тажикстандын аймагында, Өзбекстандын капиталы менен курулган 51 ишкана катталган. Бул тууралуу, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сади Кодирзода 16-февраль күнү, өткөн маалымат жыйынында билдирди.
- Подробности
15.02.21
Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов “Гишт-Куприк” чек ара өткөрүү пунктунда жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
15.02.21
Түркмөнстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 2020-жылы 5,9% пайызга өскөн. Бул тууралуу, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жума күнү министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында Гурбангулы Бердымухамедов: “Улуттук экономиканын өсүү темпи сакталып калды. Өткөн жылы ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү 5,9% пайызды түздү. Анын ичинде өнөр жай тармагында 3,3% пайыз, соода тармагында 15,1% пайыз, транспорт жана байланыш тармагында 4,7% пайызды түздү”, - деп билдирди.
- Подробности
13.02.21
Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов жана Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Сайдикрам Ниязходжаевдин ортосунда жолугушуу болуп өттү.
- Подробности
12.02.21
2023-жылдын 1-январынан тартып, Өзбекстандагы бардык мекемелерде иш кагаздары латын арибиндеги өзбек тилинде жүргүзүлө баштайт. Өкмөттүн тиешелүү токтому 10-февраль күнү кабыл алынды.
- Подробности
11.02.21
2021-жылдын 10-февраль күнү, Түркиянын Улуу улуттук жыйыны (парламент) Кыргызстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында жайгашкан, Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркиянын медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишимин ратификациялады.
- Подробности
10.02.21
Түштүк Кореялык “Hanshin Engineering & Construction Co., Ltd” компаниясы, Өзбекстандын Самарканд облусунун аймагында 800 миллион долларга бааланган, эл аралык класстагы гольф комплексин курууну пландап жатат.












