19.12.19

Япониялык “Isuzu Motors” жана “Itochu Corporation” компаниялары Өзбекстандын Самаркан шаарындагы автомобиль заводун өнүктүрүү үчүн 15 миллион доллар инвестиция жасай турган болду. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” агенттиги  жазып чыкты.

18.12.19

Казакстандын "КазАвтоПром" унаа жасоочу ишканаларынын биримдиги, 2019-жылдын 11 айынын аралыгында жалпы  республика боюнча, автомобил өндүрүү боюнча маалымат берди.

19.12.19

Кыргызстандын айыл чарбасын колдоо, региондордун өнүгүүсүнө түздөн-түз мүмкүндүк берет. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош облусунун Араван районуна караштуу “Интернационал” айылында жайгашкан күнөскана комплексинин иши менен таанышуу учурунда билдирди.

19.12.19

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-декабрь күнү, Япониянын Токио шаарындагы “Акасака” резиденциясында Япония Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) президенти Синичи Китаоку мырза менен жолугушуу өткөрдү.

16.12.19

Тажикстандын Душанбе шаарында, тажик өкмөтү, Тажикстандын “Авесто групп” жана Өзбекстандын  “Artel Engineering and Management” компаниялары жаңы инвестициялык келишимге кол коюшкан.

17.12.19

Казакстандын Кызылордо облусунун Шиелий районунда 50 мегаватт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуучу электростанциясы ишке киргизилди.

15.12.19

Түркмөнстанда жакынкы учурда, IP-тюнерлери орнотулган жаңы үлгүдөгү телевизорлорду чыгарып башташат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын өкмөт өкүлдөрүнүн  жыйналышы учурунда  маалым болду.

17.12.19

Казакстандын Улуттук экономика минстирлигине караштуу статистикалык комитетинин берген маалыматта,  Казакстан жана Түркиянын 2019-жылдын алгачкы 10 айында, соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 54% пайызга жогорулап (899 миллион 911 миң доллар), жалпы соода жүгүртүү 2 миллиард 554 миллион 421 миң долларды түзгөн.

13.12.19

Иран Өзбекстан үчүн өзүнүн аймагы аркылуу деңиз, темир жана автомобиль жолдорун ачып, Түндүк Африка өлкөлөрү менен байланыштырган  транзиттик өлкөнүн ролун аткарууга даяр.

13.12.19

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз борборунун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы, дээрлик 400 миң тонна пахта, 858,4 миң тонна дан эгиндери жыйналган. Бул тууралуу, жума күнү Тажик телеграф  агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.