- Подробности
30.12.19
Тажикстандын экономикасына $1 миллион доллардан жогору инвестиция салган чет элдик жаранга 5 жылдык мөөнөткө виза берүү өлкөнүн мыйзамында каралган. Бул тууралуу, Тажик телеграф агенттиги (ТаджикТА) билдирди.
- Подробности
30.12.19
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышкан салтанаттуу кечеде, Түркияда эң алгачкы өндүрүлгөн жеңил унаалардын таанытуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу, Түркиянын “Анадолу кабар (АА)” агенттиги билдирди.
- Подробности
27.12.19
Түркмөнстандын Каржы жана экономика министрлиги, кошуна өлкөлөр менен сооданын жүгүртүүнүн көлөмү, акыркы үч жылда көбөйгөндүгүн билдирди.
- Подробности
26.12.19
2019-жылдын январь-ноябрь айлары аралыгында, Өзбекстан жана Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 14,1% пайызга жогорулап 5,8 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
25.12.19
2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, Түркмөнстан жана Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 90% пайызга көбөйүп, $457,8 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети тышкы соода боюнча берген отчётунда маалымдайт.
- Подробности
25.12.19
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-декабрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында сүйлөп жатып, 2019-жылдын 9 айында өлкөгө келген инвестициялардын көлөмү, 2018-жылга салыштырмалуу 67,3% пайызга өскөндүгүн. Инвестициянын жалпы суммасы $577 миллион долларга жеткендигин билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жасалып жаткан бир нече иш аракеттерге токтолуп өттү.
Аларга:
- Эки жылдык мөөнөткө чейин жаңы түзүлгөн ишканаларды текшерүүгө убактылуу тыюу салынган;
- Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча, “Бизнес-омбудсмен” институту киргизилген;
- Юридикалык жактарды электрондук каттоо боюнча маалыматтык системасы пайда болду;
- Салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында электрондук патент, электрондук эсеп-фактура, онлайн контролдук-кассалык апараттары ишке киргизилген;
- Технологиялык жабдууларды импорттоо менен алектенген ишканалар бажы алымдарынан бошотулган;
https://www.tazabek.kg/news:1587475?from=tazabek&place=mainlast
- Подробности
21.12.19
Түркмөнстандын Лебап велаятынын түштүгүндө жайгашкан “Таджибай” газ кенинде, жакында эле көгүлтүр отту өндүрүү иштери башталды.
- Подробности
24.12.19
2019-жылдын 7-май күнү Түркиянын Анкара шаарында кол коюлган виза маселесине байланышкан кошумча протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 24 - декабрь күнү кол койду.
- Подробности
21.12.19
Өзбекстандын "Өзбек темир жолдору" компаниясы 2020-жылдын жаз мезгилинен тарта, Азербайжан жана Грузия өлкөлөрү ортосунда транзиттик товар ташуучу поездик каттамды ишке киргизүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазып чыкты.
- Подробности
20.12.19
Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана коомдук тейлөө боюнча министрлиги ушул жылдын 10 айынын ичинде 113,134 миң чет өлкөлүк жарандарга өзүнүн аймагында жумушка орношууга уруксат берген. Алардын ичинде, Түркмөнстандын 5 миң жараны дагы бар.