- Подробности
02.12.19
Кыргызстандын 2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 миллион долларды түздү. Ал өткөн жылга караганда 17,7% пайызга көбөйгөн.
- Подробности
04.12.19
Казакстан жана Польша ортосунда жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан Kazpravda.kz агенттигине билдиришкен.
- Подробности
02.12.19
Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында япониялык “H. I. S. Holdings” туристтик компаниясы 2020-жылы япон архитектуралык стилинде мейманканаларды курууну пландаштырууда. Мындан тышкары, компания туристтердин агымынын өсүшүн камсыз кылуу максатында, Өзбекстанда өкүлчүлүгүн ачууну каалайт. Бул тууралуу, Centralasia.news агенттигинин кабарчысына, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
- Подробности
29.12.19
Түркмөнстандын Ашгабат шаарында 27-28-ноябрь күндөрү “Туркментел-2019” эл аралык коммуникациялык форуму болуп өттү. Форумдун жыйынтыгында, Түркмөнстан жана Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда, Каспий деңизинин түбү аркылуу оптикалык коммуникациялык байланыш линияларын биргелешип куруу боюнча келишим түзүлдү.
- Подробности
03.12.19
Өзбекстандын Хива шаары, 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот. Мындай чечим Ош шаарында өткөн, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу, Podrobno.uz. маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.
- Подробности
29.11.19
Ташкент шаарында 29-ноябрь күнү, Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын экинчи ирет консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын туңгуч президенти Елбасы Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Бул тууралуу Cis.minsk.by кабар агенттиги билдирди.
- Подробности
29.11.19
Казакстандын борбору Нурсултан шаарында болуп өткөн, “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн интеграциялык алакарын күчтөндүрүү” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Бул иш чарага, Евро биримдиктин (ЕБ) Казакстандагы элчиси Свен-Олов Карлссон, Казакстандын Тышкы иштер минстринин орун басары Роман Василенко, жана Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандан өкүлдөр катышты.
- Подробности
26.11.19
Кыргызстанда 2019 - жылдын январь-октябрь айларында, жалпы аянты 788,3 миң чарчы метрди түзгөн 6,900 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди. Мындай маалымат, Улуттук статистика комитети тарабынан берилди.
- Подробности
26.11.19
Россиялык “КамАЗ” жана Өзбекстандык “UzAuto Trailer” компаниялары Самарканд шаарында, “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааларды кураштырган заводдун жаңы линиясын ишке киргизди. Анын ачылыш аземине, Татарстан Автономиялуу Республикасынын президенти Рустам Минниханов катышты.
- Подробности
25.11.19
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Тажикстандагы туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн 10 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул долбоор, Тажикстандын туризм жаатындагы Азия өнүктүрүү банкынын биринчи долбоору болуп саналат деп билдирет аймактык кабарчы.