12.01.22

Түркмөнстан Казакстанга жаратылыш газын жана электр энергиясын экспорттоого даяр. Бул тууралуу Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов Түрк мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Казакстандагы кырдаал тууралуу уюштурулган онлайн жыйынында билдирди.

30.12.21

Казакстандын Борбор Азиядагы бардык  сооданын 70% пайызга жакын  үлүшү Өзбекстандын туура келет. 2021-жылдын 10 айында эки тараптуу сооданын көлөмү 3,26 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,8% пайызга көп. Ал эми аталган көрсөткүч 2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 10,6% пайызга көп.

05.01.22

2021-жылдын 31-декабрында Өзбекстандын Бухара облусунда 270 (МВт) газ поршендик ЖЭБдин биринчи энергоблогу ишке киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министрлиги маалымдады.

27.12.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Uzbekistan GTL” заводунун ачылышына катышты. Аталган заводдо жыл сайын 3,6 миллиард кубометр жаратылыш газын кайра иштетүү менен катар 1 млрд доллар суммасындагы 1,5 миллион тонна суюк отун өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу “CentralAsia.news” кабар агенттигине өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

07.01.22

Түркмөнстан жана Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы темпи 2,5 эсеге жогорулаган. Бул тууралуу Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги маалымдады. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен салыштырмалуу түрдө бул эң жакшы көрсөткүч. Бул тууралуу “Туркменистан: золотой век” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

08.01.22

Түркмөнстан Иран аркылуу Азербайжанга берилүүчү түркмөн газынын көлөмүн жылына 15 миллиард кубометрге жеткирүүнү пландоодо.

05.01.22

Өткөн 2021-жылы Тажикстандын улуттук экономикасынын түрдүү тармактарына 6,8 миллиард сомониден (601,7 миллион доллар) ашык чет элдик капитал тартылганын Авеста маалымат агенттиги билдирди.

24.12.21

Казакстан Өзбекстанга 75 миллиард теңге  (172 миллион доллар) бааланган автоунаа жолун курууну пландоодо. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги  билдирди.

23.12.21

Түркмөнстан 2022-жылдын башынан тарта, Азербайжанга Иран аркылуу газ жеткирүүнү баштамакчы. Бул тууралуу, Ирандын нефти министри Жавад Оуджи билдирди.

24.12.21

Кыргызстандын Инвестициялар министри Нурадил Баясов 24-декабрда Бишкек шаарында болуп өткөн брифинг учурунда: “Келерки жылы алтыдан ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Анын ичинде токтоп турган Кара-Балта килем фабрикасы кайра ишке киргизилмекчи,”- деп билдирди.