- Подробности
02.09.21
2021-жылдын январь-июль айларында, Кыргызстанга Түркиядан 392 миллион долларга бааланган товарлар экспорттолгон. Бул тууралуу маалымат 31-августь күнү, Түркиянын Статистика институту тарабынан жарыяланды. Ал эми 2020-жылдын ушул эле январь-июль айларына салыштырмалуу импорт 85% пайызга же 180 миллион долларга көбөйгөн.
- Подробности
23.08.21
Өзбекстандын 2021-жылдын январь-июль айларынын аралыгында Түркмөнстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 351,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин өткөн жума күнү жарыяланган отчетунда белгилүү болду. Түркмөнстан Өзбекстандын ири соода өнөктөшү болгон алдыңкы тизмедеги он өлкөнүн бири болуп саналат.
- Подробности
26.08.21
Бишкек шаарында Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
- Подробности
28.08.21
Sputnik Өзбекстан агенттигинин маалыматына караганда, ишке киргизүү салтанатына өлкө президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Станция Навои облусунда жайгашкан. Аны Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай ишке беришти.
- Подробности
28.07.21
Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 28-июль күнү «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди.
- Подробности
27.07.21
Кыргызстандын Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоковдун Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрабаев менен жолугушуусу болду.
- Подробности
27.07.21
2021-жылдын январь-май айларында, Казакстан жана Түркмөнстандын соода жүгүртүүсү 74 миллион 600 миң долларга жетти. Жогорудагы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 49% пайызга көпттүк кылат. Бул маалыматты шейшемби күнү "Finprom.kz" бизнес жана каржы боюнча иш алып барган аналитикалык порталы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери азыркы учурга чейин, Түркмөнстандан Казакстанга келген импорттун көлөмү 26 миллион долларды түздү, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 80,3% пайызга көп болуп эсептелет.
Ошол эле учурда, 2021-жылдын алгачкы беш айында Казакстандан Түркмөнстанга болгон экспорттун көлөмү 48 миллион 600 миң долларын түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2 миллиард 300 миллион долларга жетти. Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон сооданын дээрлик үчтөн экиси Өзбекстанга туура келет.
- Подробности
22.07.21
Түркия “Диянет” фонду тарабынан Кыргызстанда быйыл да курмандык сойуу жөрөлгөсү уюштурулду. Быйыл 1700 кой курмандыкка чалынып, Бишкек шаарында, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы муктаж болгон 10, 000 үй-бүлөгө таратылып берилди.
- Подробности
26.07.21
Иран менен Кыргызстан Бандар-Аббас — Ош коридорун ачууга макулдашты.
- Подробности
17.07.21
Азербайжандын Баку шаарынан 16-июль күнү Кыргызстандын эл аралык “Манас” аэропортуна AstraZeneca вакцинасынын 40 дозасы жүктөлгөн учак келип конду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.