- Подробности
13.10.22
Кыргызстан, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын транспорт министрлери өлкөлөр ортосундагы транзиттик товар ташууну кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
13.10.22
Түркмөнгаз мамлекеттик концерне караштуу «Lebapgazçykaryş» башкармалыгы, 2022-жылдын тогуз айында 9 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын өндүргөн. Көгүлтүр отун өндүрүү планы 128,3 пайызга аткарылган.
- Подробности
10.11.22.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйшөмбү күнү «Узавтопром» долбоорунун бет ачарында, электромобилдер тармагын өнүктүрүүнү тездетүүнү жана электромобилдердин сервисин кеңейтүүнү тапшырды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
11.10.22
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан-Азербайжан” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
- Подробности
11.10.22
«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт», - деп билдирди президент Садыр Жапаров 11-октябрь күнү Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып.
- Подробности
10.10.22
Кыргызстан Өзбекстан менен биргелешкен туризм долбоорун баштоону пландоодо. Бул тууралуу, 10-октябрда бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын жолугушуусунда Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлү Бакыт Дозоев билдирди.
- Подробности
10.10.22
Өткөн аптада, Түркмөнстанга барган Афганистан делегациясы “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAПИ) газ кууру долбооруна байланыштуу маанилүү маселелер боюнча макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу, жекшемби күнү “TOLOnews” телеканалы Афганистандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыктты.
- Подробности
05.10.22
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-октябрь күнү Караганды облусунун аймагына жасаган иш сапарынын алкагында, “KamaTaresKZ” автоунаа дөңгөлөктөрүн чыгаруучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышууга барды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
06.10.22
Казакстан Каспий деңизинин жээгинде жагымдуу туристтик климатты түзүү үчүн 360 миллион доллардан ашык инвестиция тартууну пландоодо. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов “Каспий II экономикалык форумунда” сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
- Подробности
05.10.22
Өзбекстан жана Венгрия биргелешкен артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн фонд түзүүнү макулдашты. Ошондой эле Өзбекстанда венгриялык компаниялар үчүн өнөр жай аймагы пайда болот.












