- Подробности
01.21.22
Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин 20-январь күнү жарыяланган отчетуна ылайык, 2021-жылы Түркмөнстандын Өзбекстанга болгон экспорту 690,6 миллион доллардан ашты, бул 2020-жылга салыштырмалуу 59,7% пайызга көп.
- Подробности
01.18.22.
Өзбекстанда заманбап технологиялардын жардамы менен учкучсуз учуучу аппараттар чыгарыла баштады. Бул тууралуу, Өзбекстандын Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
01.17. 22
Ташкент шаарында Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгында айыл чарба, электротехника, химия өнөр жайы жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарында бир катар инвестициялык жана экспорттук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
05.01.22
2021-жылдын 31-декабрында Өзбекстандын Бухара облусунда 270 (МВт) газ поршендик ЖЭБдин биринчи энергоблогу ишке киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министрлиги маалымдады.
- Подробности
27.12.21
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Uzbekistan GTL” заводунун ачылышына катышты. Аталган заводдо жыл сайын 3,6 миллиард кубометр жаратылыш газын кайра иштетүү менен катар 1 млрд доллар суммасындагы 1,5 миллион тонна суюк отун өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу “CentralAsia.news” кабар агенттигине өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
27.12.21
Өзбекстандын Кашкадария облусунда баасы 3,42 миллиард долларды түзгөн, синтетикалык суюк күйүүчү май өндүрүүчү “Uzbekistan GTL” заводу ишке кирди. Анын ачылыш аземине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 25-декабрь күнү келип катышты.
- Подробности
25.12.21
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев 25 декабря принял участие в церемонии открытия комплекса по производству синтетического жидкого топлива Uzbekistan GTL в Гузарском районе Кашкадарьинской области. Ожидается, что завод начнёт работу в полном режиме с 1 марта 2022 года.
- Подробности
22.12.21
Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Алмалык шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Ёшлик-1” кенин иштетүү боюнча инвестициялык долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Инновация министрлиги маалымдады.
- Подробности
23.12.21
Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы Ташкент облусунда кубаттуулугу 240 мегавольт (МВт) болгон комбинацияланган электр станциясын жана кубаттуулугу 230 мегавольт (МВт) болгон поршендик газ электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.
- Подробности
20.12.21
2022-жылдын жаз айларынан тарта “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолу иштеп баштамакчы. Бул тууралуу, Өзбекстандын маалымат каражаттары билдирди. Маалыматка ылайык, Пакистандын Исламабад шаарында Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов Талибан өкмөтүнүн Тышкы иштер министри Амир-хан Муттаки менен жолугушуу учурунда билдирди.