- Подробности
22.12.21
Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Алмалык шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Ёшлик-1” кенин иштетүү боюнча инвестициялык долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Инновация министрлиги маалымдады.
- Подробности
23.12.21
Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы Ташкент облусунда кубаттуулугу 240 мегавольт (МВт) болгон комбинацияланган электр станциясын жана кубаттуулугу 230 мегавольт (МВт) болгон поршендик газ электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.
- Подробности
20.12.21
2022-жылдын жаз айларынан тарта “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолу иштеп баштамакчы. Бул тууралуу, Өзбекстандын маалымат каражаттары билдирди. Маалыматка ылайык, Пакистандын Исламабад шаарында Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов Талибан өкмөтүнүн Тышкы иштер министри Амир-хан Муттаки менен жолугушуу учурунда билдирди.
- Подробности
12.17.21
Өзбекстандын 2021-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 356 триллион сум (33 миллиард доллар) акча каражатын түздү. Бул көрсөткүч жыл башына салыштырмалуу 13,3 пайызга (26,7 триллион сум же 2,4 миллиард доллар) жогорулаган. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берүү менен билдирди.
- Подробности
15.12.21
Ташкент шаарынын акиминин орун басары Сардор Абдуллаев жана Түркиялык “Мармара Групп” фондунун президенти Аккан Сувер баштаган түркиялык ишкерлер тобунун жолугушуусу 14-декабрь күнү Ташкент шаарында болуп өттү.
- Подробности
15.12.21
Ирандын Деңиз порттору жана деңиз уюмунун жетекчиси Али Акбар Сафаи, Иран Өзбекстандын “Чабахар” портун пайдалануусун колдой тургандыгын билдирди. Али Акбар Сафаи 14-декабрда болуп өткөн Иран, Индия жана Өзбекстандын өкүлдөрүнөн турган үч тараптуу онлайн форматындагы жолугушуусунда билдирди. Бул тууралуу “Mehr” маалымат агенттиги кабарлады.
- Подробности
15.12.21
Азербайжан жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы беш жылда беш эсеге өсүп, жалпысынан 100 миллион долларга жетти.
- Подробности
10.12.21
Өзбекстанда турак-жайга суроо-талап жогору болгон облустун жана шаардын борборлоруна жакын аймактарда “Жаңы Өзбекстан” (“Янги Ўзбекистон”) аталышында 29 даана турак жай комплекстери курулмакчы. Президент тиешелүү жарлыкка ушул жылдын 9-декабрында кол койду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.
- Подробности
10.12.21
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында, Өзбекстан чет өлкөлөргө 11,5 миллион долларга бааланган 714 даана өзүнүн өндүрүшүнөн чыккан жүк ташуучу унааларын экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аздык кылат.
- Подробности
09.12.21
Түркиянын Өнөр-жай жана технология министри Мустафа Варанк Кескин, Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда товар алмашуу жогорулап жаткандыгын билдирди. Ал мунун себебин, Өзбекстанда бизнести жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн маанилүү кадамдар жасалганын жана инвестиция кылуу үчүн келген Түркиялык ишкерлеринин санынын олуттуу өсүшүнүн таасиринен деп түшүндүрдү.