- Подробности
22.04.21
Өзбекстан 2021-жылдын биринчи кварталында (январь-март), текстиль товарларынын экспорттун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,8 пайызга көбөйтүп, анын суммасы 637,7 миллион долларга жеткен.
- Подробности
27.04.21
Өзбекстан жаратылыш кендерин геологиялык чалгындоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгымдарын азайтуу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүүнү пландаштырууда.
- Подробности
20.04.21
Өзбекстандын “Global Export” компаниясы Өзбекстандын Франциядагы элчилигинин жана Экспортту илгерилетүү агенттигинин жардамы менен белгилүү француз компаниясы “Bonduelle” компаниясына буурчактын биринчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу “UzNews.uz” маалымат сайты билдирди.
- Подробности
08.04.21
Түркия жана Өзбекстан өз ара пайдалуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышат.
- Подробности
20.04.21
Өзбекстанда өндүрүлгөн “KIA” маркасындагы автоунаалары сатыка чыгарыла баштады. Бул маркадагы автоунаалар “ADM-Jizzakh” автомобиль заводунда өндүрүлөт.
- Подробности
16.04.21
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусунда жасаган иш сапарынын учурунда, Өзбекстан, Афганистан жана Пакистан болуп биргелешип ишке ашырылып жаткан “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүнө токтолуп өттү. Бул тууралуу, «Газеты.uz» маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.04.21
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд облусундагы туристтик борбордун курулуш иштери менен таанышуу үчүн барды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
13.04.21
Өзбекстан жана Россия учак куруу жаатында биргелешкен долбоорлорду талкуулап жатышкан учуру. Тактап айтканда, тараптар Совет доорунда Ил-76, андан кийин Ил-114-100 маркасындагы учактарын чыгарган “Чкалов” атындагы мурдагы “Ташкент авиациялык өндүрүштүк бирикмесин” кайрадан жандандырууну көздөп жатышкан учуру.
- Подробности
06.04.21
Өзбекстанда 6-апрель күнү, “ИННОПРОМ” эл аралык ири өнөр жай көргөзмөсү болуп өттү. Анын алкагында, Өзбекстандын мунай жана газ тармагындагы маанилүү долбоорлор боюнча ири келишимдерге кол коюлду. Россия Өзбекстандын жаратылыш газынын ири кенин иштетүүгө 900 миллион доллар инвестиция сала тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
05.04.21
Иран Өзбекстанга дүйнөлүк базарларга жана ачык деңизге транзиттик жол ачып бере ала турган өлкө болуп саналат. Мындай билдирүүсүн Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф мырза 5-апрель күнү, Ташкент шаарында өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен болгон жолугушуудан кийин жасады.