- Подробности
22.03.22
2022-жылдын январь-февраль айларында, Түркмөнстандан Кытайга сатылган газдын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,47 пайызга көбөйүп, 1 миллиард 440 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, жекшемби күнү “ТАСС” маалымат кызматы Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын тараткан маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
- Подробности
03.15.22
Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шейшемби күнү Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Сердар Бердымухамедов 72,97% пайыз добуш менен жеңип чыкканын билдирди.
- Подробности
28.02.22
Түркмөнстандын вице-премьер-министри Сердар Бердымухамедов 26-февраль күнү Түркиянын Соода министри Мехмет Муш менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, Сердар Бердымухамедов эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана соода алакаларын жакшыртуу үчүн транзиттик- транспорттук коридорлорду жана аба каттамдарын натыйжалуу пайдаланууну белгиледи.
- Подробности
14.02.22
Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 12-февраль күнү, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр менен жолугушту. Жолугушууда тараптар соода-экономика тармагындагы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашып, 2021-жылы эки өлкөнүн соодасы эки эсеге көбөйгөнүн белгилешти.
- Подробности
12.02.22
Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Шахым Абдрахманов, өлкөдө 2021-жылдын аягына чейин эгемендүүлүк жылдарында эң жогорку көрсөткүчү болгон 83 млрд, 772,9 миллион кубометр өлчөмүндө жаратылыш газы өндүрүлгөндүгүн билдирди.
- Подробности
04.02.22
Татарстан Республикасынын Казань шаарында “Түркмөн соода үйү” иштеп баштаганын, Түркмөнстандын Казань шаарындагы башкы консулдугу бейшемби күнү билдирди.
- Подробности
29.01.22
2022-жылдын 30-январь жана 4-февраль күндөрү аралыгында, Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары биргелешкен энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Пакистандын борбору Исламабадга иш сапары менен барат.
- Подробности
31.02.22
Түркмөнстан жана Азербайжан ортосунда 2022-жылдан тарта “Баку-Түркмөнбашы-Баку” багытында, Каспий деңизи аркылуу жаңы каттамы ачылат. Деңиз коридору “Кытай-Европа” багыты боюнча транспорттук байланышты арттыруу долбоорунун алкагында иштейт.
- Подробности
28.01.22
Түркмөнстан жана Азербайжан жакынкы келечекте, Каспий деңизиндеги “Достлуг” мунай кенинин көмүр суутек ресурстарын биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык меморандумдун алкагында биргелешкен Азербайжан-Түркмөнстан эксперттик тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.
- Подробности
28.01.22
Түркмөнстандын “Ulag-logistika merkezi” (TULM) компаниясы, Түркиянын Афганистанга бере турган 750 тонна гуманитардык жардамын жөнөтүүгө жардам берет. Бейшемби күнү Түркиянын борбору Анкарадан 750 тонна гуманитардык жүк салынган 47 вагондук атайын поезд Афганистанга жөнөп кетти.