- Подробности
05.10.23
Шаршемби күнү Ашхабадда Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын Соода комплекси жана текстиль өнөр жайы боюнча орун басары Батыр Атдаев, Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
- Подробности
28.09.2023
Жаңы “Ашхабат - Түркменабат” автомагистралы, Өзбекстан менен болгон транспорттук байланышты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев дүйшөмбү күнү «Нейтральный Туркменистан» гезитине жарыяланган макаласында билдирди.
- Подробности
16.09.23
Түркмөнстан жана Венгрия өз ара элчиликтерди ачуу боюнча макулдашууга жетишти. Мындай келишим, бейшемби күнү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Экономика жана соода министрлеринин жыйынына катышуунун алкагында жетишилди.
- Подробности
20.06.23
Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында 2023-жылдын 15-17-июнь күндөрү, Кыргызстан жана Түркмөнстандын ишкерлеринин жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
- Подробности
09.06.23
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 8-июнь күнү өлкөгө расмий визит менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды кабыл алды. Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлду.
- Подробности
23.05.23
Түркмөнстанда 2023-жылдын март айына карата, Казакстандык компаниялардын катышуусу менен 53 даана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу “Нейтральный Туркменистан” гезити маалымдады.
- Подробности
20.05.23
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 541,05 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын үч айына (424,67 миллион) салыштырмалуу 27,4 пайызга көп. Бул тууралуу, жума күнү “Тренд” агенттиги Түркиянын Статистика институтуна шилтеме берүү менен билдирди.
- Подробности
27.04.23
Түркиянын “Çalık Enerji” компаниясы Түркмөнстандын “Алтын Асыр” көлүнүн жанында заманбап эко-айыл курат. Бул тууралуу шаршемби күнү “NewsCentralAsia” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
11.04.23
Өткөн 2022-жылы, Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүүсү 20 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Финансы жана экономика министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен Өзбекстандын “Daryo” маалымат агенттиги маалымдады.
- Подробности
05.04.23
Түркмөнстандын “Элдик маслахатиянын” төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен 4-апрель күнү жолугушту. “Turkmenistan Today” мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиришинче жолугушууда эки мамлекеттин өкүлдөрү, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы соода жугүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү талкуулашты.